с.о Бек Борбиев-Ак суйуу (Билсен болду) cover by Dastan

Описание к видео с.о Бек Борбиев-Ак суйуу (Билсен болду) cover by Dastan

Аранжировка и музыка: Ислам Курманбеков
Клип: Омурбеков Азис

Текст песни «Ак Суйуу»

Бирде жыртып, бирде өрттөйм, жазган катымды,
Атай албайм, жаза албай сенин атыңды.
Билсең мага жагарыңды,
Түшүнмөксүң абалымды,
Көтөрбөстөн баркыңды.

Кайырма:
Сумсайтпастан сунган колду,
Ак сүйүүмдү билсең болду.
Улагада отурамын,
Уйкусурап карап жолду.

Менден качпа, тетири баспа, салба артыңды,
Сүйүп алам, сыйлап алам сендей алтынды.
Толуктачы катарымды,
Кошчу турмуш сапарыңды,
Көкөлөтпөй баркыңды.

Кайырма:
Сумсайтпастан сунган колду,
Ак сүйүүмдү билсең болду.
Улагада отурамын,
Уйкусурап карап жолду.
Сумсайтпастан сунган колду,
Сүйөрүмдү билсең болду.
Улагадан тосуп алар ,
Күткөн бар деп
Билсең болду.

Билип койчу, угуп койчу, берем антымды,
Ырлар жазып чыгарамын сенин даңкыңды.
Бийик болсоң бийик сүйөм,
Жан дүйнөмдү ийип сүйөм,
Көтөрө бер баркыңды.


Кайырма:
Сумсайтпастан сунган колду,
Ак сүйүүмдү билсең болду.
Улагада отурамын,
Уйкусурап карап жолду.
Сумсайтпастан сунган колду,
Сүйөрүмдү билсең болду.
Улагадан тосуп алар ,
Күткөн бар деп
Билсең болду.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке